Печать
Категория: Коом
Просмотров: 202

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкектеги Ботаникалык бактагы ишембилик учурунда билдирди. Анын айтымында, келерки аптада парламент өкмөттүн жылдык отчетун угат.


- Бардыгы өкмөттүн отчетуна байланыштуу болот. Эгер отчет депутаттарга жакса, бул өкмөттүн мындан ары иштеп калуу мүмкүнчүлүгү бар, - деди спикер Чыныбай Турсунбеков.

 

Сооронбай Жээнбеков былтыр апрелде өкмөт башчы болуп шайланган. Аны Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция сунуштаган. Жээнбеков эгемен Кыргызстандын тарыхындагы 28-өкмөт башчы.

 

Апрель ыңкылабынан бери эле коррупциялык чатак, Кумтөр, жол куруу боюнча тендерге байланыштуу чырлуу иштердин айынан сегиз жолу өкмөт алмашты.