Бул тууралуу депутат парламент жыйынында билдирди.
Айтымында, НТС телеканалынын жана «24.kg» маалымат агенттигинин журналисттери анын сөзүн бурмалап жарыялашкан.
«Аталган маалымат каражаттарынын жоопкерчилигин жана алардын журналисттеринин парламентке акрредитациясы боюнча маселени кароо керек»,- деди ал.
Белгилегендей, ал шаардагы электр энергия үчүн тарифтин кымбаттатылышын талап кылбаган. Ал айылдык аймактардын тургундары үчүн тарифти ылдыйлатуу керектигин айткан.