Печать
Категория: Коом
Просмотров: 262

 

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков коомчулуктун терс сынына кабылган «Келин» көрсөтүүсүн жабууга даяр экенин айтты. Бирок, ага коюлган дооматтар негиздүү болгондо гана.

 

Жогорку Кеңештин жыйынында 2016- жылдагы КТРКнын иши тууралуу маалымат каралды.

 

 Депутат Айнуру Алтыбаева  эл арасында көп талкууга ээ болуп, карама каршы пикирлерди арбын жараткан «Келин» көрсөтүүсүнүн тагдырына кызыкты.

 

 КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековдун айтымында, корпорациянын көркөм кеңешинин кароосунан аталган программа өттү.

 

«Кеңеш программа моралдык, же башка зыян келтирет деп чечпеди. Бирок, зыяны боюнча негиздүү аргументтер болсо, мен аны жабууга даярмын»,- деди ал.