Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жоокерге биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин аны Алай аймактык ооруканасына жөнөтүшкөн. Бирок, ооруканага жетпей, жолдо каза тапкан.
Бул факт боюгча кызматтык иликтөө жүргүзүү колго алынды. Ошондой эле Ош горнизонунун Аскер прокуратурасына кабар берилди.