Печать
Категория: Коом
Просмотров: 278

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы «Жамгыр» алтын кенинде жумушчу каза тапты.

 

Техникалык жана экологиялык коопсуздук Мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, окуя 9-апрелде саат болжол менен 21:00дө болгон.

Тазалоо блогунда тоо кыртышы көчкөн. Ал алтын кенинин жумушчусу, Чаткал районунун 40 жаштагы тургунун басып калып, жыйынтыгында каза тапкан.

Кырсыкты иликтөөгө атайын комиссия түзүлдү. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору окуя болгон жерге барууга ниеттенишүүдө.

 

Алтын кенин Vertex Gold ишканасы иштетет, анын түптөөчүсү болуп Vertex Holding казак компаниясы эсептелинет.