Печать
Категория: Коом
Просмотров: 236

 

Жогорку Кеңештин жыйынында ветеринария боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып атат. Мыйзам долбоор өлкөнүн ветеринария тармагын жеке менчикке өткөрүүгө басым жасаган.

 

«Бул мыйзам долбоору ветеринарияны өлтүрөт. Эгер ветеринарлар жаныбарларды дарылашса, депутаттар мыйзамды дарылайт. А бул мыйзам - жара», - деди Момбеков.

 

«Мыйзам кабыл алына, анда эртең тиш дарыгерлерге лицензияны Саламаттыкты сактоо министрлиги бербейт, а Адилет министрлиги адвокаттарга лицензия бере албайт, алардын милдетин кандайдыр бир жеке менчик түзүмдөр аткарышат. А депутаттарга мандаты БШК эмес, эл берет. Документти экинчи окууга кайтарбасак, мыйзамды одоно бузуп атат», - деди ал.

 

Депутат Акылбек Жапаров «мамлекеттин чычкак улагы да калбаганын, бирок ага карабай бардык малдарды көзөмөлгө алууну каалап атышканын» белгиледи.