Аймактагы ондогон дыйкан кант кызылчасын чогултуу боюнча мамлекеттик планды аткара албай калгандыгына байланыштуу 500-1000 манат (142-285 доллар) өлчөмүндөгү салык төлөө керектиги тууралуу билдирүү алышты.
Дыйкандардын айтымдарында, жергиликтүү бийлик талап кылынган сумманы төлөөдөн баш тарткандар ижарага алып иштетип келген жер аянттарын пайдалануу укугунан ажырай тургандыктарын эскертишкен.
«Бүгүн 30га жакын дыйкан эмне кылаарын билбей турушат. Айрымдарынан 500 манаттан, башкаларынан 1000 манаттан талап кылып жатышат. Быйыл бизде киреше болгон жок, тескерисинче чыгашага учурадык. Эми талап кылынып жаткан сумманы кантип төлөйбүз?», - деп суроо салды жергиликтүү дыйкандардын бири.
Анын айтымында, мамлекет тарабынан бөлүнгөн үрөндүн сапаты азыктын сапатына таасир этип, түшүмдүүлүктүн төмөн болушуна алып келүүдө.
Расмий ММКларда аткарылбай калган мамлекеттик пландын ордун толтуруу үчүн фермерлерден акча чогултулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар жок.