«Элдик курултай» жана «Эл үнү» саясий уюмдарынын лидерлери Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дастан Сарыгулов жана Эрнест Карыбековдорго байланыштуу сот чечими ушул жылдын 17- апрелине калтырылды.
Бул тууралуу соттолуучулардын жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, Кубанычбек Кадыров акыркы сөзүн айтат.
Ал эми Бекболот Талгарбеков, Толубай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев жана Тойгонбек Калматовдорго карата ачылган кылмыш ишинин негизинде сот процессии уланууда.
Мамлекеттик айыптоочу Дастан Сарыгуловго 12 жыл эркинен ажыратуу жазасын берүүнү өтүнүүдө. Бектур Асановго – 15, Эрнест Карыбековго – 22 жыл түрмө мөөнөтү үй-мүлкүн конфискациялоо менен чогуу суралды.
Аталгандар мындан бир жыл мурун мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга ниеттенген деп кармалган.