Журналист Назира Саалиева соцтармактагы баракчасына кечээ, 6-апрелде мындай билдирүү калтырды:
«Ажобуз Алмазбек Атамбаев уктап жатса керек. Дал ушул түнү, 2010-жылы Горькийдеги үйүнөн УКМКнын кызматкерлери алып кетебиз деп аткан убак эле. Түнү менен оппозициянын башчыларын камаган. Архивди карасам, «Алиби» гезитине ошол учурду мындай деп жазыпмын. (2010-жыл. 14-сан. "Жаныш Бакиевдин "арстандары").
6-апрелде, түнкү саат 11де бардык. Барсак , "Текебаевди алдырып ийдик. Эми Атамбаевди бербейбиз!" деп 500дөй адам туруптур. Жамгыр төгүп турган. Андагы "Жашылдар" партиясынын мүчөсү Каныбек Сарымсаков буларды айтыптыр. "Кечки саат 9.30да үйүнүн подьездинин жанынан УКМКнын кызматкерлери колун кайрып, асфальтка сүйрөп алып кетишти. Атамбаевге кетишти дегенинен бу жакка келдик. "Бербейбиз!"
Ушундай ураан менен "Ата Мекен", СДПКнын мүчөлөрү турушкан.
Ага болобу сыртта тургандарга бир автобус ОМОНдор келип, жүктөп кирген. Таксиге түшүп, качып, араң кутулганбыз. Үйгө келип, азыркы депутат А.Шыкмаматовдун жардамчысы Улан Байышбековго телефон чалып, "эртең эмне болот? Башчыларды алып кетти?" деп тынчсыздансам, "эже, жаштар өзүбүз чыгабыз! Октон да коркпогон балдарыбыз бар!" деди. Чын эле ошол учурда бийликке аябай эле: "бийлик эсиңе кел, октон коркпогон балдар бар" деп эскертиппиз. А чыны жаштар, эл өзү көтөрүлүп, азыркы ажону баш, Текебаевди төш кылып бошоткон эле. 7-апрель кымбатка турган. Канча деген баланын каны төгүлдү. Канчасы көз жумду. Канчасы жарым жан болуп калды. Ак үйдун алды канга боелгон…
Эми ошол күндү, Бакиевдин бийлигине каршы турган андагы революционер балдар эмес, Максим Бакиевдин жанында жүргөн Сапар Исаков 7 жылдан кийин митингди баштап калат деп ким ойлоптур? Анда азап чеккен Өмүрбек Чиркешович кайра да, дал ушул күнү УКМКнын СИЗОсунда калат деп ким ойлоптур?.Эч ким ойлогон эмес. Тообо кылдым! Түш сыяктуу. Тообо, тообо!!!»