Тажикстан ИИМи билдиргендей, бул жайларда өтө көп сандагы жашы жете элек балдардын убакыт өткөрөрү аныкталган.
Көңүл ачуучу борборлордун жана букмекердик кеңселердин ээлери өспүрүмдөрдү киргизбөө тууралуу көрсөтмөнү аткарышкан эмес. Буга чейин ИИМ кечкисин оюн-зоок борборлоруна жашы жете элек балдардын кирүүсүнө тыюу салган чечим чыгарган.
Тажикстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, акыркы үч айда көңүл ачуу жайлары менен букмекердик кеңселерден 3,5 миң өсүпүрүм кармалган. Алардын ата-энелерине айып пул салынган.