Печать
Категория: Коом
Просмотров: 420

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова билдирди.

 

«Бул окуя 2014-жылдын 18-сентябрында,  мен башпрокурорлуктан кетээриме саналуу айлар калганда болгон. №1 мамлекеттик резиденцияны кайтарган Улуттук гвардиянын жоокеринен белгисиз адамдар келип, Аида Салянованын кайда жашаарын, кайсы жол менен жүрөөрүн айтууну талап кылышкан. Жоокер айтуудан баш тартканда кол көтөрүшкөн»- деди Салянова.

 

«Ал белгисиз адамдар ким? Ким резиденцияга жакындап келе алат?»- деп кошумчалады депутат.

 

Айтымында, ал бул тууралуу кеп кылгысы келбеген. Бирок, андан бери канча убак өтсө да укук коргоо жаатынан реакция болбогондуктан, учурдагы башпрокурор Индира Жолдубаевага кайрылууну чечкен.

 

«Менин бул тууралуу кабарым жок экен. Ал убакта башпрокурор болчусуз, бул боюнча иш козгоого чама-чаркыңыз  жетмек»,- деген Жолдубаева маалыматты иликтеп көрүүнү убада кылды.