Чындыгында, колуңуздардагы гезиттин окумдуулугу артып бара жаткандыгы кашкайган чындык. Мисалы, “Байчечекей” журналынын бакыйган кызматкери, акын, пародист Нургазы Миңгара мага кезиккен сайын “Майдан” гезитин үзбөй окуурун айтуу менен гана чектелбестен, андагы айрым макалаларга өз пикирин билдирип да турат.

 

Албетте, жарыяланган макалалар бүт жакшы деп айтсак, аша чапкандык, өзүн-өзү мактагандык болот. Мен деле кээде жазган макаламдын, сатирамдын чийкирээк болуп калгандыгын жарыяланып кеткенден кийин байкап, башымды чайкап, койбогондугум үчүн жакшыраак иштеп, каламын бармагымды тиштеп.

 

Нургазы досум бул жолу:

 

- “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамга бир маданиятсыз, талантсыз адам сунуш кылынып жаткандыгын алдын ала иликтеп билип алып, кабарчылык кайырмагыңарга илип алып, ал наам 29-майда берилээрин кыйытып жазыпсыңар, муну өз убагында казыпсыңар,- деп калды сырдуу жылмайып. – Чындыгында, бул наамды эми татыксыздарга деле ыйгара берип, уйпалап бүтмөй болушту окшойт. Айтор, тап-такыр кадырын кетирип деле бүтүштү. “Сөздү көп айтса – тантык болот” деген макал бар го! Баса, мындай наам менде да бар. Мен го, кудайга шүгүр, убагында өз эмгегим менен алып калгам. Эч кимге “подход” жасаган эмесмин анда. Төш белгисин убагында сыймыктануу менен тагынгам. Бирок, азыр катып койдум. Тагыныштан уялам. Эгер тагынсам, көргөндөр ала-көөдөн неме турбайбы деп ойлоп калышы ыктымал. Себеби, “башкача жол” менен алгандар, жогоруда айткандай, наамдын кадырын түшүрүп жиберишпедиби.

 

Наам жөнүндө берген собоолума, “Тамчы” гезитинин кожоюну Закиржан Бутаканов жооп берип жатып күлүп жиберди:

 

- Менин бир таанышым “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамды эки жолу алган...

 

Эми эмне демекчимин? Маданият тармагында гана эмгектенген адамдарга берилчү наамды “илибой” адамга бере-бере турган болушса, өлкөбүздүн алты миллион жаранына тең ыйгарып коюшпайбы, бир эле токтом менен. Эгер менин бул сунушумду атка минээрлер... тоюс, Джипке минээрлер колдобосо, мындан ары ар кимди өз эмгегине жараша гана баалаагылары келсе, төмөндөгүдөй наамдарды да чыгарышсын:

 

1. Бирөөлөрдүн эмгектерине көз арткан же тойбогон адам.

 

2. Аябай ач көз адам.

 

3. Бир жеринен катуу жел чыгарган адам.

 

4. Соргок.

 

5. Төшөк рахатынын мыкты кызматкери.

 

6. Акмак.

 

7. Наадан.

 

8. Айбан.

 

9. Ит.

 

10. Энеңди урайын!..

 

Орозбек БӨРҮГУЛОВ

Булак: “Майдан.kg»