Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 14-апрелинде Россиянын Красноярск шаарындагы Вавилов көчөсүндө жайгашкан батирде Индиянын 44 жаштагы жараны К.М., башынан алган жарааттарынан жана көкүрөк тушуна бычак сайылгандан улам каза тапкан.
Ошол эле күнү Россиянын тергөө кызматы тарабынан «киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышты Индия жаранынын акчасын тартып алуу максатында 34 жаштагы Э.Т., аттуу кыргызстандык өлтүргөнү аныкталган.
2015-жылдын 1-апрелинде Э.Т.га эларалык издөө жарыяланган.
2017-жылдын 28-мартында милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 30-мартта сот аны абакта калтыруу боюнча чечим чыгарган.
Иликтөө иштери уланууда.