Печать
Категория: Коом
Просмотров: 367

 

Маалыматка караганда, саясатчы Садыр Жапаров №47 түзөтүү колониясынын санитардык бөлүмүнө которулган. Анын моюнундагы жана сол колундагы тамырлары кесилген. Ага дароо операция жасалган.

 

Учурда №47 түзөтүү колониясынын алдында саясатчынын тарапташтары чогулуп турушат. Экс-депутаттын акыбалын көрүүгө жакындарын да, адвокатын да  киргизишпей атышат.

 

ЖАМК билдиргендей, Жапаров бүгүн, 2-апрелде эртең менен санитардык бөлүмгө которулган жана ошол эле сааттарда операция жасалган. Азыр абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Акыбалы жакшыраары менен кайрадан камерага жеткиришет. «Ал өзүнө өзү кол салып, моюн жана сол колундагы тамырларын кескилеген»,-деп билдирген ЖАМК.

 

Ал эми Жапаровдун жактоочусу Акин Токталиев бул абак кызматкерлеринин колунан келген иш деген божомолун жарыялады.

 

Эске салсак, Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстанга кайтып келген. Кыргыз-казак чегарасынан өтөөрү менен атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган.