Печать
Категория: Коом
Просмотров: 423

 

Башкы прокуратура экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын бир катар жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогонун жарыялады. Ага дейре, февралдын орто чендеринде КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго «коррупция» беренеси тагылган. Бир жыл мурда ушул эле фракциядагы депутат Нурмухаммад Баяхуновго да коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, бирок аягына чыкпай, жабылган.

 

Тайырбек Сарпашевге «кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде иш козголгону белгилүү болду. Анын Мамлекеттик катттоо кызматы өткөргөн тендерге мыйзамсыз аралашканынын кесепетинен мамлекет каржылык зыян тарткан.

 

Картинки по запросу тайырбек сарпашев близкий человек президента  

 

Ал эми депутат Музаффар Исаков Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда райондук Мамкаттоо жана архитектура кызматынын жооптуу кызматкерлери менен бирге айыл чарба иштерине багытталган 14, 34 гектар жерди жең ичинен сатып жибергени үчүн кылтакка түшкөн.

 

Картинки по запросу музаффар исаков  

 

КСДПнын дагы бир депутаты Нурмухаммад Баяхунов «Нур Куч» жакыр майыптардын бирикмесинин каржысына «колун салган» деп шектелген. Бирок, тез эле ачылган кылмыш иши кылмыштуулуктун курамы жоктугуна байланыштуу жабылган. КСДПнын лидери Иса Өмүркулов бул көз боемочулукка Баяхуновдун тиешеси жоктугун айтып, жакшы эле чырылдап коргогон. Акырында, анын айтканы туура чыгып, депутат жоопкерчилик тартууга жетпеди.

 

Картинки по запросу нурмухаммад баяхунов 

 

Тайырбек Сарпашев азыркы бийлик доорунда кызматтан кызматка секирип, президенттин ишенимдүү адамы катары айтылып келген. Депутат Алтынбек Сулайманов Сарпашевди «бийликтин эрке баласы» деп атаган. «Эрке баланын» мамлекетке зыян тийгизген-тийгизбегенин  эми сот аныктайт.

 

КСДП фракциясынын кылмыш ишине аралашкан депуттарына бир өңчөй «коррупция» беренеси «жабышканы» да таң калаарлык. «Коррупционерди издесең КСДПга бар» - болобу бул жагы?..