Бул тууралуу А. Эркебаев өзү Кыргызстан илимдер Улуттук Академиясынын жалпы жыйынында, 31-мартта билдирди. Ал академик кесиптештерине кызматтан кетүү боюнча жазган арызын көрсөткөн.
Айтымында, учурдагы кыйынчылык шартта Академияда ү ч жол бар: баш ийбей күрөшүү , креслодо кармалуу үчүн агымга ылайык агуу, же жаштарга орун бошотуп берүү.
«Биринчи жол саясий бийлик менен ачык каршылашууга алып келет. Экинчи жол моралдык-этикалык жактан туура эмес. Ошондуктан, мен үчүнчү жолду тандап алып, жаштарга орун бошоттум», - деген Эркебаев.