Күбөлөрдүн айтымында, 5-микрорайондо Honda Fit жана Hyundai үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. «Бета сторесс» тараптан келаткан Hyundai автоунаасына аны беттеген Honda Fit автоунаасы урунган. Honda Fitтин айдоочусу рулду бурам деп, жол жээгинде бараткан улгайган аялды сүзгөн.
Окуя болгон жерге Тез жардам унаасы келип, жабыркагандарды алып кеткен. Алардын маалыматына караганда, кырсыктан үч адам жабыркаган. Honda Fitтин жүргүнчүсүнүн жана айдоочусунун баш мээси чайкалган болушу мүмкүн деп божомолдонот. Ал эми улгайган аял денесинен ар кандай жарааттарды алган.
«Саясат. kg»