Жогорку Кеңештин жыйынында 4-окууда «Жетимдүү турак-жай» мамлекеттик ипотекасы тууралуу маселе каралды.

 

 

Депутат Наталья Никитенко ага аксакалдар кеңешинен кат келгенин маалымдап, карапайым калк мамлекеттик ипотеканын жүрүшүнө нааразы экенин билдирди.

Айтымында, мамлекеттик деп аталган ипотеканын коммерциялык негиздеги ипотекадан дээрлик айырмасы жок.

 

«Андагы башында бир төлөнчө сумма жана ай сайын төлөнчү пайыз бюджеттик кызматкерлердин чөнтөгүнө туура келбейт. Мамлекеттик ипотека карапайым жарандардын кызыкчылыгына ыңгайлашпаган», - деди Никитенко.

 

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Дастан Бекешев ипотеканын пайызын ылдыйлатууга мүмкүнчүлүк жоктугун белгиледи:

 

«Мен нөл пайыз болсо кубанмакмын, бюджеттин көзүн карагандарга, 5 пайызды төлөө да кыйындыгын түшүнөм. Коммерциялык ипотекаларда 24% коюлган, айрымдарында андан да жогору. Ошондуктан, мамлекеттик ипотека байларга эмес, жөнөкөй жарандарга багышталган. Кимдер алып атканын көрдүк, айлык маянадан башка киреше булагы бар мугалимдер алып атышат. Бул да мамлекет үчүн жакшы көрүнүш».

 

Белгилешкендей, бул мыйзам долбоор бир жыл иштелген. Төлөм 10%га чектелген. Анын 3% банктын кызматына, 2%ы ипотекалык компанияга кетет. Учурда банктын кызмат акысын ылдыйлатуу маселесин ишке ашыруу аракети жүрүүдө.

 

Депутат Ирина Карамушкина мыйзам долбоору «Жетимдүү турак-жай» делип, ашыкча айтылганын билдирди.

 

«Жетимдүү турак-жай» деп ашыкча айтылган. Мен «Манас» абамайданында иштеген аялдар менен сүйлөштүм. Көбү балдарын жалгыз багып аткан аялдар. Айлык маяналары 15 миң сом. Ал акча менен ипотека ала алышпай турганын айтышты. Аргасыз, ижарага алынган батирлерде жашашат. Көбү, биринчи ипотека алышып, төлөөгө келгенде дараметтери жетпей, баш тартышкан», - деди депутат.

 

Депутат Улукбек Ормонов бул ипотека мамлекеттик эмес кызматтарда иштегендерге да берилээр-берилбесине кызыкты:

 

«Көп жыл мектепте иштеп, жакында эле жеке менчик мектепке которулган мугалимдерге бул ипотека берилбей атыптыр. Алар деле биздин балдарыбызды окутуп атышпайбы?» - деген депутат теңсиздик болгонуна кейиди.

 

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбооруна бюджеттик мекемелерде иштебегендерди да киргизүү каралууда. Бирок, мыйзам негизинен мугалим, доктур сыяктуу мамлекеттик кызматкерлерди үйлүү кылууга багытталган.  

 

Депутат Наталья Никитенко «Жетимдүү турак-жай» деген аталышка жашынбоого чакырды.

 

«Дагы деле бул ипотеканы колунда барлар ала алышат. Карапайым жарандардын күчү жетпейт. А биздин өлкөнүн басымдуу бөлүгүн бай эмес адамдар түзөт. Мыйзамдын мазмуну аталышына дал келбейт. Эгер жеке ишкерлерге да бере баштасак, анда мамлекеттик ипотека деп атоонун зарылдыгы барбы?»- деп суроо узатты.