Печать
Категория: Коом
Просмотров: 224

 

1-апрелде күндүз жана 2-4-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 2-апрелде жаан карга айланышы, тоолордо, тоо этектеринде кар жаашы, 3-4-апрелде кар, айрым жерлерде боролошлоп жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

 

3-4-апрелде абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

 

 Үшүк бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. 

 

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.