Печать
Категория: Коом
Просмотров: 521

 

Кыргыз Өкмөтүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев Кытай Эл Республикасынан келишкен “YEMA GROUP CO., LTD” корпорациясынын жетекчиси Чен Ган мырзаны жана Евразия базарындагы жогорку технология тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиялык кызматташуу бирлигинипн жетекчиси Сю Сяопин айымды кабыл алды.

 

Өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндө айыл чарбасы, билим берүү жана илим, туризм жаатындагы олуттуу көйгөйлөр көтөрүлүп, бул өңүттө мындан ары тыгыз кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү белгиленди. Бул максатта Ысык-Көл облусу менен Кытайдын Шэньси провинциясынын тыгыз кызматташуусуна өзгөчө шарт жаралды.

 

- Ысык-Көл өтө чоң турристтик жана агрардык потенциалга ээ. Муну натыйжалуу гана пайдалануу абзел! – деди Евразия базарындагы жогорку технология тармагын өнүктүрүү боюнча стратегиялык кызматташуу бирлигинипн жетекчиси Сю Сяопин.

           

Кытайлык чоң делегация Ысык-Көлдөгү Касым Тыныстанов атындагы университетти кыдырып, анын эмгек жамааты менен жолугушуп, окуу жараянынын жүрүшү менен дагы кең-кесири таанышышты. Ага улай “Бир кыштык-бир продукту” долбоорунун алкагында түзүлгөн “Ысык-Көл бренди” дүкөнүн көрүп чыгышты.

 

Алишер Токсонбаев