Печать
Категория: Коом
Просмотров: 322

 

Кайсы бир жылдары Ош аймагында жүрөктүн үшүн алган бир окуя “дүңк” эткен.

 

Каза болгон күндөшүнөн калган эки баланын тең кулактарынын тешиктерине бир нече куртту тыгып, ичкери сойлоп кирээр замат баштын ичин оюп жеген ошол курттар аркылуу максатына жеткен, балдарды өлүмгө дуушар кылган мыкаачы эненин жосунсуз жоругуна кыжырданбаган адам калган эмес. Ушул окуяны жакынкы эле жылдардын аралыгында бир жаш чиновник “китеп кылып жаздым” деп телевизордон реклама бердирткен. Балким, чыгармачылык менен бизнес кылгысы келген ошол “человек” ушундай мазмунда китеп эчак эле чыгып кеткенин аңдаган эместир.

 

Тагыраак айтканда, мындан жыйырма жыл илгери ноокаттык Сапар Абылов деген калемгер киши “Мыкаачы өгөй эне” аттуу повесть жазып койгон. Сапар акенин китеби мындан он жыл мурда көп нускада чыгып, азыр да сатылууда. Таап, окусаңыздар болот. Арзан. Элпек тил менен жазылып, окуганга дагы оңой. Гезит күркөлөрүнөн сураңыздар.

  

Булак: “Майдан.kg” гезити, 08.03.2017-жыл.