Базар-Коргон районунда Бишкек-Ош жолунун боюнда бир нече күндөн бери митинг өткөрүп жаткан 50 чакты адам бүгүн жол боюнан райондук администрацияга чейин жөө жүрүшкө чыгышкан.

 

Бирок аларды милиция акимчиликтин имаратына жеткирбей, артка кайтарган. РИИБинин маалыматы боюнча, митингчилер милициянын түшүндүрүү иштеринен кийин, кайра жол боюна кайтып келишкен.

 

Алар "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун камактан чыгарылышын талап кылышууда.

 

"Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кубат Артыковдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, райондук акимчиликке карай жүрүш түштөн кийин да уланат. Учурда Бишкек-Ош жолунун боюна эл чогулууда.

 

Базар-Коргон районундагы Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабы менен өтүп жаткан митинг 26-февралда "Ата Мекендин" лидери камалган күндөн тартып өтүүдө.

 

Кырдаалга жергиликтүү укук коргоо органдары көз салып жатат. Буга чейин район акими Айбек Бегимкулов элди сабырдуулукка чакырган. 

 

 

“Азаттык”