Жалал-Абад шаарында жогорку класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын жыйынтыгы менен үч мектеп жеңүүчү деп табылды. Ал эми төмөнкү класстардын окуучуларынын арасындагы олимпиадаларга даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн билдиришти.

 

Алынган маалыматка караганда, шаардагы илимий чыгармачылыкка жөндөмдүү, шыктуу, зирек окуучуларды тандоо, аларды окуу предметтерине болгон кызыгуусун арттыруу жана областтык, республикалык олимпиадаларга даярдоо максатында предметтик олимпиадалары өткөрүлгөн.

 

Сегизинчи, тогузунчу класстарда кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты, англис тили, математика, физика, информатика, тарых, биология, география жана химия предметтери боюнча олимпиаданын мектептик этабы белгиленген мөөнөттөрдө ар бир мектепте, ал эми шаардык этабы 18-февраль күнү №4 гимназия-мектебинин базасында өткөрүлгөн. Жыйынтыгында тереңдетип окутуу мектептери боюнча 1-орунду М.Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясы, 2-орунду С.Давлетов атындагы №14 мектеп лицейи, 3-орунду Б.Осмонов атындагы №5 мектеп гимназиясы ээледи. Ал эми базалык мектептер арасында 1-орунга Р.Азимов атындагы №13 орто мектеби, 2-орунга Ж.Болотов атындагы №21 орто мектеби, 3-орунга №17 орто мектеби ээ болду.

 

Эми калган 5-6-7-класстар боюнча математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты предметтери боюнча мектеп окуучуларынын олимпиадаларынын мектептик этабы белгиленген мөөнөттөрдө ар бир мектепте, ал эми шаардык этабы 28-март күнү М.Бабкин атындагы №1 мектеп гимназиясында өткөрүлмөкчү.