Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси -  муфтийди шайлоо үчүн сынак жарыяланып, арыздарды кабыл алуу башталган 2-февралдан бери бир гана талапкерден арыз түштү.

 

21 уламадан куралчу Аалымдар кеңешинин мүчөлүгү үчүн азырынча жети гана талапкер катталды. Бул тууралуу “Кабар 24” агенттигине Аалымдар кеңешинин жана каттоо комиссиясынын мүчөсү Абибулла ажы Кадырбердиев билдирген: “4-апрелде Кыргызстан мусулмандарынын курултайы өтөт. Ал курултайда өлкөдөгү диний иштер каралып, Аалымдар кеңешинин 21 мүчөсү жана азирети муфтий шайланат. Талапкерлерди каттоо 24-февралда аяктайт. Азырга чейин Аалымдар кеңешине жети, муфтийликке бир талапкер катталды”.


Талапкерлерди каттоо комиссиясынын мүчөсү андан ары Аалымдар кеңешиндеги 21 орун толбой каларына тынчсызданууга эрте экенин, каттоо аяктарына дагы төрт күн бар экенин, ал эми муфтийликке арыз берген жалгыз талапкердин аты-жөнү азырынча айтылбастыгын кошумчалады.


Жаңы шайлоо азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевдин үч жылдык мөөнөтү соңуна чыгышына байланыштуу жарыяланган. Муфтийлик үчүн ат салышмакчы болгон талапкерге 12 пункттан турган талап коюлган. Анда талапкер өлкө Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун принциптери боюнча түшүнүгү бар, ханафий мазхабын карманган, жогорку диний жана светтик билимге ээ, ислам негиздерин терең өздөштүргөн, муфтиятта кеминде үч жыл иштеген, эл ишенимине кирген, саясий партияларга кирбеген жана соттолбогон инсан болушу керектиги айтылган.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.