Казакстандын президенти жеке өзүнүн демилгеси жана каражаты менен 2010-жылдагы Ош коогалаңында жабыркаган элге жардам берүү үчүн мектеп куруп берген болчу.

 

Ага 83 млн. сом жумшалып, 2015-жылы курулушу башталган “Жетиген” мектеби өткөн жылы 1-сентябрда пайдаланууга берилген. Ачылыш аземине премьер-министр С.Жээнбеков, казак өкүлчүлүгү катышып, Оштогу заманбап мектептердин бири экендиги айтылган. Анткени англис, орус, кыргыз тилдери тереңдетилип окутулат. Бирок жыл айланбай аталган мектептин чатырынан тамчы өтүүдө. Ал эми курулуш иштерин бүтүргөн “Азия курулуш” компаниясы бир жылга кепилдик берген.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.