Жалал-Абад шаарынын бардык мектептерде 8-февралынан 20-февралына чейин англис тилин окуучулар арасында кеңири жайылтуу максатында атайын жумалык өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн Саадат Турганбаева билдирди. 

 

Анын айтымында, жумалык окуучулар арасында уюштурулган ар кандай кызыктуу иш-чаралар менен коштолуп, англис тилине болгон жандуу кызыгууну арттырды.

 

- Шаардагы №4 мектеп-гимназиясында англис тили жумалыгы ичинде 1-11-класстар боюнча 12 ачык сабактар өткөрүлдү. Мектеп ичинде англис тилинде бурч, ураан-чакырыктар, учкул ойлор, макалдар, ырлар, суроо-жооп иретиндеги диалогдор, конкурстар жана викториналар уюштурулду. Ошондой эле “English week” деген тамада  дубал газеталарды чыгаруу, “Элестетүүчү окуялар”, “Шарттуу сүйлөм” деген темада ачык сабактар өткөрүлдү, - дейт ал.

 

Алынган маалыматка караганда шаардагы С.Давлетов атындагы №14 мектеп лицейинде да англис тили жумалыгы жогорку деңгээлде өткөрүлүп, эки жума аралыгында мектеп лицейинин окуучулары англис тилинде сабак жана танапис учурларында сүйлөшкөнгө аракет кылышты.