Быйыл кыш кыштай болуп, кар көп жаады. Окумуштуулар дүйнөлүк деңгээлде кургакчылык каптап, мөңгүлөр ээрип баратат деп коркутуп жатканда кардын көп жаашы жакшы деңизчи. Жок эле дегенде жерге ным көп топтолуп, дыйкандардын түшүмү мол, токчулук болот. Бирок, кардын калың жаашынан табигый кырсыктар да катталып, адам өмүрүн алып кеткен учурлар көп катталууда. Жаңы жылга чейин эле Бишкектин “Дордой” базарында калың карды көтөрө албаган чатырлар кулап түшүп, бир нече адамдар жаракат алып, өмүрү менен кош айтышкандар да болгон. Жакында эле Чоң-Алай, Чаткал, Ала-Бука районунда күнү-түнү тынбай жааган кар үйлөрдү басып калып, мал жандыктар жем-чөпсүз калган эле. 19-февралда өлкөнүн түштүк аймагынын айрым жерлеринде көр көчкү түшүп, жыйынтыгында Ош облусунан Чоң-Алай районунда эки жаш бала, Кара-Суу районунда бир аял каза болду. Мындан тышкары, мал-жандык камалган бир нече сарай дагы кар астында калган. Бул аймакта адам өлүмүнөн тышкары 130дан ашуун мал-жалдык да кыргынга учурады. Албетте, табияттын кырсыгына айла жок. ӨКМ деле колдон келген жардамын берип, жолдорду тазалап жатат. Анткен менен кардын калың жаашын алдын ала эскертип койсо, мынчалык бейкүнөө адам өмүрү кыйылып, малыбыз кырылбайт беле?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №06 (284), 22.02.2017-ж.