Белгилей кетсек, ЖК депутаты Искендер Матраимов Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда Ош аэропортун башка жерге көчүрүү боюнча долбоор иштөө керектиги тууралуу айткан. Анын айтымында, Ош аэропорту заманбап талаптарга жооп бербегендиктен, жаңы аэропорт курууга Мады айыл өкмөтү 500 гектар жер бөлүп берүүдө. Ош эл аралык аэропорту 1962-жылы курулган.

 

“Манас” аэропортунун маалыматына караганда, бул бир күндүк иш эмес. Биринчиден, жер бөлүнө элек. Экинчиден, аэропорт куруу үчүн чоң каражат талап кылынат. Мындан тышкары аэропорт курула турган жер кыртышын текшерүү керек.

 

“Бул чоң стратегиялык долбоор, ал азырынча ишке киргизиле элек. Юридикалык жактан тактала элек, азырынча жөн гана сөз болууда”, -деп белгилешти “Манас” аэропортунан.

 

Булак: "Кабар"