Панфилов районунун тургундары Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жолун тосуп, «Кайыңды-Кант» кант заводунун жетекчилигине нааразычылыгын билдиришти.

 

Анда жергиликтүү жашоочулар кант кызылчасын кабыл алууда заводдун директору Александр Шалюта дыйкандарга оор талаптарды койгонун айтышты.

 

Алардын айтымында, заводго кант кызылчасын сатуу үчүн урукту заводдон гана алуу талабы коюлган. Алар сунуштаган уруктун 1 кутусу 4000 сом болсо, аны Казакстанстын Мерке аймагынан 2500 сомдон алса болот. Ошондой эле эгер айдаган жер тилке 2 гектардан аз болсо, кабыл алынбайт экен. Район үчүн 2 миң гектар кызылча айдоого уруксат берилген. Бирок бул жерге 5-6 эле дыйкан кызылча айдап коерун айтышты.

 

Жолугушууда Төрага бул маселе боюнча монополияга каршы күрөшүү кызматына тапшырма берерин белгиледи.

 

Булак: "Марал"