Сузак районун бардык айыл өкмөттөрүндө педагогикалык-чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо максатында “2017-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынактары өткөрүлүп, мыкты педагогдор тандалып алынды. Бул тууралуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

 

Кароо-сынакка катышкан мугалимдер негизинен сабак өтүү усулу, өзүн тааныштыруу, эссе, тест, педагогикалык чыгармачылыгын өстүрүү жаатындагы жеке долбоорлорун сунуш кылышып, алар калыстар тобу тарабынан бааларын алышты. Райондогу Таш-Булак айыл өкмөтү боюнча  Таалайгүл Идирисова атындагы мектепте өткөн кароо-сынакка Таш-Булак, Октярдын 40 жылдыгы жана Төрөмаматов атындагы мектептердини мугалимдери  келишкен. Анда Таалайгүл  Идирисова атындагы мектептин ар тараптуу активдүүлүгү жана чыгармачылыгы менен айырмаланган математика мугалими  Айнура Сүйөркулова 1-орунга жетишти.

 

Сынактын жеңүүчүсү Айнура Сүйөркулованын айтымында, кароо-сынакта талаптар катуу коюлганы менен калыстар тобу тарабынан калыстык көрсөтүлдү. “Балдар менен иштөө мен үчүн кызыктуу, ошондуктан мугалимдик кесипти тандап, бир топ жылдан бери мектепте эмгектенип келем. Эң негизи балдарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү  биздин милдет”,- дейт ал.

 

Калыстар тобунун төрайымы, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Айзада Көкчөеванын айтымында,  бул кароо-сынактын балдардын билимин тереңдөтүүдөгү алган орду зор.: “Биз, мугалимдердин арасынан мыктыларын туура тандап алышыбыз керек, анткени алдыда райондук, областтык, республикалык турларга катышышат.  Ал эми болуп өткөн кароо-сынак ачык айкын, калыс  өттү”.

 

Сузакта мугалимдердин чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатуу ушуну менен эле чектелип калбайт. Райондук билим берүү бөлүмүнүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Дүйшөнали Токтогуловдун айтымында, алдыда дагы көптөгөн пландуу иш-чаларалар бар: “Мугалимдердин коомдогу кесиптик беделин көтөрүү, билим берүүнүн жаңы потенциалдык мүмкүнчүлүгүн ачуу жана эң мыкты, таланттуу чыгармачылык менен иштеген  мугалимдерге колдоо көрсөтүү багытында көптөгөң пландарыбыз бар. Ал жаңы пландардын үстүндө аракеттерди көрөбүз дейт”.

 

Белгилей кетсек, жылдын  мыкты мугалимин тандоо сынагынын райондук туру 6-7-апрелде өтөт. Анда Сузак районундагы бардык айыл өкмөттөрдөн алдыңкы орунга жетишкен мугалимдер күч сынашат.