2017-жылдын 20-февралында 52870 аскер бөлүгүнүн базасында “Канжар-2017” атайын багыттагы кыргыз-индиялык бөлүкчөлөрүнүн биргелешкен машыгуусунун ачылыш салтанаты болуп өттү.

 

Кыргызстан менен Индиянын коргоо мекмемелеринин ортосундагы машыгуу КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин башкаруу органдарынын 2017-жылкы окуу жылына күжүрмөн даярдык пландарына, ошондой эле эки тараптын жетишилген келишимдерине ылайык, 2017-жылдын 20-февралынан 5-мартына чейин өткөрүлмөкчү.

 

Эки жума бою кыргыз жана индиялык аскер кызматчылары тренингдин жүрүшүндө тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү табуу, чектөө жана жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операцияларды киргизүү боюнча атайын багыттагы бөлүкчөлөрдү даярдоо маселелерин иштеп чыгышат. Машыгуунун планында ошондой эле, атайын-тактикалык, чалгындоо, атуу, инженердик, аскердик-медициналык, тоо, атуу даярдыгы, аскердик топография жана байланыш даярдыгы боюнча түн ичиндеги да, практикалык сабактар, машыгуулар каралган.

 

Машыгуу тоо шартында кол салган мыйзамсыз куралдуу бандаларды табуунун, чектөөнүн жана жок кылуунун божомол оюну менен 2017-жылдын 5-мартында аяктайт.