Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-февралда Ош облусунун Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда кар көчкүдөн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтты.

 

Мамлекет башчысы Кыргыз Өкмөтүнө табигый кырсыктан кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.