Лоторея

 

Илгери өткөн заманда... тоюс, ушул эле заманда бактылуу жубайлар болуптур. Келинчеги жумушка орношоору менен алтын шакек тагынып келет, “лотереядан утуп алдым”- деп. Арадан көп өтпөй “муну да лотереядан утуп алдым” деп машина айдап келиптир, аз-замат! Анан квратира да “утуп” алат лотереядан... Эх, мындай бийкечке туш болгон эркек кандай пешенелүү! Ошол эле дейсиңерби? Жакында эки кишилик путевка да утуп алыптыр, Ысык-Көлгө деген.

Ошентип, жубайлар көгүлтүр көл жээгинде эс алып жүрүшөт экен. Келинчеги жээкке чыккысы келбей, сууну чалпылдатып ойноп, көпкө жүрүп калган маалда, кумда жаткан күйөөсү минтип кыйкырат дейт:

- Э-эй!.. Болду эми, чык. Лотереяга суук тийгизесиң.

     

Эки тоок

     

Бир киши жалгыз корозун союп жеп алып, анын эки тоогу күйөөсүз калыптыр. Күндөрдүн биринде ошол эки тоок өз ара кеңешкен соң, кошунанын короосуна өтөт. “Бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнөт” дегендей, буларды көрөөрү менен бул жактын корозу өзүнүн “аялдарын” таштап коюп, өзүнүн жаман оюн ишке ашыруу үчүн сүзүлө тиктеген бойдон кууп жөнөйт.

Кылыктанган эки тоок болсо, короздон качып жөнөйт. Үйдү эки мертебе айланып чыккан соң, тооктордун бири:

- Кой эми, токтоп эле бербейлиби. Атайы “ушул” үчүн келдик элек го,- десе, экинчиси минтиптир:

- Жок. Үйдү дагы бир мертебе айланып коёлу. Антпесек, бизди жалап экен деп ойлоп калышы ыктымал.

    

Дыйкан

 

Жаңы үйлөнгөн жигит:

- Мен бул жерге картошка эгем,- деп кыздын көкүрөгүн сылап жатып уктап калат.

Эртеси киндигин сылап:

- Бул жерге дарбыз эгем, - деп айтаары менен дагы коңурук тартып кетет.

Үчүнчү күнү дагы жаңы эле сылап-сыйпоону баштаары менен, кыз минтет дейт:

- Дыйкан, оң кулагың менен да – сол кулагың менен да угуп койгун. Эгер бүгүн сабиз отургузбасаң, мен жерди башка бирөөгө арендага берем.

 

Тапан МАДЫРАБАШ 

Булак: “Майдан.kg