Жалал-Абад мамлекеттик университетинде белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдык маарекесине арналган “Өмүрү өрнөк инсан” аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору Курманбек Алдыбаев билдирди.

 

Анын айтымында, мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун 70 жылдык мааракесин өкмөттүн атайын токтомунун негизинде жер-жерлерде өткөрүү белгиленип, аны эскерүү менен коомдогу ордун, саясий ишмердүүлүгүн жана инсан катары өзгөчөлүктөрүн, эл-жер үчүн аткарып кеткен эмгектерин жаш муундарга жеткирүү максаты коюлган. “Бул илимий-практикалык конференцияны КРнын Өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгү, Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана биздин окуу жай уюштурурган. Бул иш-чарага белгилүү саясий ишмердин замандаштары, жакындары, областтык бир катар жетекчилер жана окуу жайдын студенттери жана окутуучулар жамааты катышышты”,- дейт ал.

 

Жыйында чыгып сүйлөгөн Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев Бекмамат Осмонов ошол кездеги эл-жерди башкаруудагы саясий көрөгөчтүгүнө токтолду: “Бул тарыхый инсан көп окуган, чет элдик саясий тажрыйбаларды изилдеп таап, анын негизинде өз өлкөсүн, өз элин өнүктүрүүгө аракет жасаган. Андан тышкары, адамдык бийик сапаттары бар экендиги жөнүндө айтылып келет. Биз да Бекмамат Осмоновдун ушул сапаттарын үйрөнүп, андан дайым үлгү алып жүрүшүбүз керек. Албетте мындай даңктуу инсандын эмгеги жерде калбайт. Биздин Жалал-Абад шаарынын №5 орто мектебине, мурдагы Өзбекстан көчөлөрүнө Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылган”.

 

Эскерте кетсек, Бекмамат Осмонов 1990-жылы Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы, бир жылдан кийин жаңыдан уюшулган Жалал-Абад облусунун алгачкы акими болуп дайындалган жана ошол жылдары областтын инфраструктурасын, маданиятын өстүрүүгө чоң салым кошкон. 1997-жылдын 28-октябрь күнү 52 жашында жүрөк оорусу менен ооруп, дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

 

Жалал-Абад шаар мэриясынын басма сөз борбору

 

Булак: “Майдан.kg