Чоң-Алайда көчкү басып калган үйлөрдүн биринде калып калган эки жаш баланын сөөгү табылды. Бул жөнүндө өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова кабарчыбызга маалымдады.

 

- Булардын бири 4-класста окуган кыз экен. Кар көчкүдөн улам турак жайсыз калгандарга өзгөчө кырдаалдар министрлиги мобилдик турак жай жөнөттү. Ушул тапта кырсык баскан  жерде №16 жол тейлөө ишканасынын атайын техникасы дагы күнү-түнү иштеп жатат, - деди өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова.

 

Эске салсак, 19-февралда таңга маал Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында түшкөн кар көчкү жүрүп, эки турак жайды басып калган. Кошуналар эки үйдөн 10 чакты адамды тирүү алып чыгууга араң үлгүрүшкөн. Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев окуя болгон жерге жөнөп кеткенин өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Соңку тапта кырсыктан жапа чеккендер бүт аймактык ооруканага жеткирилди.


Баса, буга дейре Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш - Кара-Мык, Дароот-Коргон - Чак унаа жолдорунда, Кулчу кыясында, Жаш-Тилек айылында, Алыш сайында жана Батман-Көл участкасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жалпысынан 36 снаряд атылып, 43450 метр куб кар көчкү атып түшүрүлгөн. Ошондой эле 18-февралдан 22-февралга чейин Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка - Ак-Таш, Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда коопсуздукту камсыздоо үчүн кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иштери дагы улантылат.

 

Ошондуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга бул күндөрү зарыл жумуштары болбосо аталган аймактарга чыкпай турууну катуу эскертет.
 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз