Унаа жана жол  министрлигинин атайын буйругуна ылайык тынымсыз кар жаап, үзгүлтүксүз көчкү түшүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек-Ош автожолу жол 36 саатка жабылды. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова кабарлады.

 

- Бишкек тараптан Сосновкадагы бекетте, ал эми Ош тараптан Арал бекетинде жүргүнчүлөр үчүн атайын тамак-аш жана жылынуучу жайлар дагы беленделди, - деп кошумчалады өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова.

 

Акыркы күндөрдөгү аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүүсүнө байланыштуу тоолуу жолдордо кар калың жаап, көчкү жүрө турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мурда эле алдын ала бир нече жолу эскерткен. Ал эми Транспорт жана жол министрлиги айдоочуларды күн ачылганча чейин алыс жолго чыкпай турууга үндөгөн.

 

Ошентип, Бишкек-Ош унаа жолу жабылып, мерчемдүү жерлерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жолоочулар жана айдоочулар үчүн атайын жылынуучу жайлар дагы үзгүлтүксүз иштеп жатат.
Буга улай ысык тамак-аш дагы уюштурулууда. Анткени, буга чейин аталган жерде жолдо калган унаалар бар экендиги айтылган. Натыйжада, тынбай түшкөн кар көчкүдөн улам Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылып, унаанын бардык түрүнө ары-бери каттого чектөө киргизилди.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз