- Зулпукаар мырза, китебиңиз молдокелерди чок баскандай секиртти, ушул боюнча айтсаңыз, эмнелер бар эле?

 

- Ооба, дин ишмерлери “Кыдыр Санжырасына” катуу каршылык көрсөтүп, жалпы элге-журтка мени жамандап, китепти элге жеткирбөө аракетин көрүп жатышат. Анткени, китепте чоң нерсе бар. Шамбаладагы Кыдыр атабыздын касиети менен жазылгандыктан, бүткүл дүйнөнү алдаган диний агымдардын бети ачылып, диндердин башында ким турганы ачыкка чыккан. Бул элге жетсе чатак болорун сезген динчилдер колдон келген аракетин жасап, бардык күч түзүмдөрүнө арызданып, мени каматуу үчүн чуркап жүрүшөт. Негизи, илимий же диний фактыга факты менен жооп бериши керек. Фактыны факты гана жокко чыгарат. А булар аны жасай албаганын сезген соң, фактыны сот менен, фактыны милиция менен, фактыны УКМК менен, фактыны прокуратура менен токтотконго аракеттенүүдө. Бирок, алар мени каматып, же жок кылышы мүмкүн, бирок “Кыдыр Санжырасын” эми жокко чыгара албайт. Китеп элге тарады, чоң аалымдардын колунда турат. “Кыдыр Санжырасы” - бул Алтын доордун ачкычы! Китеп Европага жеткен күнү ишке кирет да, биз диндерге, улуттарга бөлүнбөгөн доорго өтөбүз. Албетте, тоскоолдуктар болот, кечигиши мүмкүн. Биз кыргыздар аракет кылып, жапатырмак жардамдашсак, Алтын доорго ошончолук тез жетебиз. Себеби, кыргыздар дүйнөдө эң ыйык элге айланат. Ал китепте тарыхый фактылар менен жазылган.

 

- Сизди диндерге шек келтирди деп жатышат го…

 

- Мен “Ыйык Китеп” дегендердин ичиндеги бузукулуктарды, согушка болгон чакырыктарды, арак ичмейлерди, сойкулуктарды факты менен коюп, суроо салгам, мындай ыплас иштерди ким жасатып жатат? Бул Кудайбы же Шайтанбы? “Эгер Кудай болсо, анда араб менен еврейлер жооп берсин”- дегем. Анан ошол 670 беттик китептен бир сөздү алып чыгып, кыйкырып жатат. А неге башкасын айта албайт. Мындан сырткары, дүйнөлүк окумуштуулар (З.Фрейд. А.Атобек ж.б.) жазган фактыларды чыгарып, мени айтты деп жатышат. Алар окумуштуулардын сөздөрү. Бирөөсүн келтирип кетейин.

 

“Он был жутким, кровожадным демоном, который появлялся по ночам и избегал дневного света”. Эдвард Мейер, 1906, 38 и 58. З. Фрейд “Этот человек Моисей” (http://lib.ru/PSIHO/FREUD/moisej.txt).

 

Мындан сырткары, “кыргыздар мусулман болгон эмес” деген сөздү айтып жатат, ал дагы тарыхый фактыларда турат. Сиздерге мен бир эле Бартольддун фактысын келтирип коёюн.

 

“Ал түгүл XVII кылымда фарс тилинде жазган өзбек тарыхчысы Махмуд ибн Вели кыргыздарды капырлар деп атайт. 12000 түтүндөн турган бул кыргыздар хижиранын 1045-жылынын раджабында (1635-жылдын 11-декабрынан 1636-жылдын 9-январына чейин) Кара тегин аркылуу Хисарга келишкен”. В.Бартольд. Киргизы. Фрунзе, 1943. 56, 57 б.   

Айтор, булар мени жөн гана каралап, китепти элге жеткирбегенге аракет көрүүдө. Бирок, Кыдыр атабыздын касиетине пенде каршы тура албайт, канчалык каршылык кылса да, “ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, барибир чындык өз ордун табат.

 

- Кылмыш иши диний кастык боюнча козголдубу?

 

- Ооба, ошондой козготуп жатат, бирок китепте диндердин кастыгы жазылган эмес. Тескерисинче диндер бири-бирине касташып, азыр жүз миңдеген өмүрлөр кыйылып жатканы белгиленген. Ушуну токтотуп, тынчтыкка келүү жолу көрсөтүлгөн. “Осурган кыз отурган кыздын бетин тытат” дегендей, тынчтыкка чакырган мен касташтырып, ал эми касташтырып жаткан алар таптаза көрүнүп жатат. Сөзүм куру болбосу үчүн бул боюнча да ыйык китептен бирден мисал салайын.

Тоорат: “Кийинчерээк Жахаба Мусага мындай деди: “Мидияндыктарды жөн койбогула, аларды кыргыла”. (Сандар 25:16–17)

 

Инжил: “Мени жерге тынчтык алып келди деп ойлобогула, тынчтык эмес, кылыч алып келдим. Анткени мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүш үчүн келдим”. (Матай 10:34–36)

 

Куран: “Эй, момундар. Айланаңардагы каапырлар менен согушкула! Алар силерден катаал мамилеге кабылсын”. (Тавба 9:123)

 

Ушундай чакырыктар диндерди касташтырып, согуштуруп жатат. “Мына ушундай согушка ким чакырат, Кудайбы же Шайтанбы?”- деген суроону койгом. Бирок, ага жооп бербестен, баса калып, жок кылганга аракеттенүүдө. Мени Жаратканым менен Кыдыр атабыз өзү колдойт! Алардан берилген аманатты айттым.

 

- Сиздин артыңызда бирөө турат деп жатышат го?

 

- Кыргызды даңктаган кишиге бирөө акча береби? ИГИЛ ж.б. чаптап жатат, алар өздөрүнө буйрусун. Мен түптүз жүргөн кишимин, мени эч ким азгыра албайт. Теңирчиси да, вахабисти да. Мен кыргыз деген жигитмин. Кыдыр атабыз буйруду, бул дүйнөдө андан ыйык зат жок, ошондуктан мен элге жеткирдим. Болбосо мага не шам, диндерди жазып. Кимиси каалаганына сыйынып жүрө берсин! Бирок Кудайдын буйругуна каршы чыгалбайсын, дүйнөнүн тынчтыгы үчүн ушуну жасадым. Мени динге берилген туугандарым, жердештерим, кыргыздарым жаман көрөрүн билгем, бирок убакыт өткөндөн кийин баары жай жайына келет, айткан сөздөрүнө өкүнөт. Анткени, мен жаман нерсени жасаган жокмун, адамзат диндерге, улуттарга бөлүнбөй, бейкут жашай турган Алтын доордун аманатын жеткирдим. Бирок, кара күч үстөмдүк кылса андай заманга жетпей калышыбыз да мүмкүн, чоң кырсык менен жазаланып. Айтор, башкасын эли журт китептен окусун, азыр айтсак узун сөз болот.

 

Суроо салган

Асылкан кызы Перизат

 

Булак: “Майдан.kg