Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн 17 кызматкери Чоң-Алай райондук жол тейлөө ишканасынын эки автоунаасынын жардамы менен кар көчкүнү тазалап, сегиз адамдын өмүрүн ажалдан арачылап калышты.

 

- 13-февралда саат 16:00 чамасында Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Дароот-Коргон айылынын күн батыш тарабындагы Чак айылынын жолуна кар көчкү түшүп, эки автоунааны басып калгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Чоң-Алай РИИБдин кызматкерлери ыкчам түрдө окуя болгон жерге барганда “Нива” жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаалар ичиндеги жүргүнчүлөрү менен кар көчкүнүн астында калганы тастыкталды, - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.

 

Маалыматка таянсак, кырсык баскан жерде айдоочулар, жүргүнчүлөр эч кандай жараат алышкан жок. Кар көчкүнүн калыңдыгы болжол менен 5-6 метр, туурасы 50 метрге жетип, 200 метрге кулап түшкөн.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз