Давран Маматалиев Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

 

Тийешелүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. 39 жаштагы Давран Маматалиев буга дейре Каржы министрлигинин капиталдык салым бөлүмүн жетектеген.

 

Ноокат районунун жумуштан бошотулган акими Бекполот Айтиев жөнүндө азырынча башка маалымат айтыла элек.

 

Алишер Токсонбаев,
өз кабарчы