Араван районундагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гулбаар айылындагы №31-Татыш Бекенов атындагы мектеп жараксыз кейипти кийди. Бирок, бул жөнүндө агартуу министрлиги билсе дагы, билмексенге салып келаткандыгы абдан өкүндүрөт.

 

Аталган билим уясы тээ Союз маалында, тактап айтканда, 1987-жылы ашар ыкмасында курулган. 2015-жылы ошогездеги Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Темир Сариев мектептин акыбалын өз көзү менен көрүп, жаңы мектептин долбоору 2016-жылдагы бюджетке сөзсүз кошулат деп убада кылган. Тилекке каршы, агартуу мекемесинин курулушу 2016-жылга эле эмес, 2017-жылдын планына дагы кирбей калды. Президенттикке аттанып жаткан инсанга эл эми кантип колдоо көрсөтөт?

 

Ушул тапта мектепте 550 окуучу 3 нөөмөттө билим жатышат. Бөлмөлөрдүн ичи өтө тардыгына байланыштуу бир партада үчтөн окуучу тыгылышып билим алууга аргасыз.

 

Баса, 2016-жылы 17-ноябрындагы зилзаладан кийинг мектептин дубалдарынан кадимкидей жарака кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги муну дыкаат текшерип, агартуу журтунун абалын үчүнчү категория деп баалаган. Демек, бул корутундуга алайык аталган мектепте балдарды окутууга дегеле мүмкүн эмес!  

 

Бирок, мектеп жетекчилиги ошого карабастан айылда башка мектептин жоктугуна байланыштуу кулачу кейипти кийген №31-Татыш Бекенов атындагы мектепте балдарга билим берүүнү дагыле улантып келатышат.

 

Алишер Токсонбаев,

өз кабарчы