Чубак ажы Жалиловдун кайрылуусу:

 

“Урматтуу депутаттар!

 

Сүйүү күнүнө каршыбыз, тыйуу салып бергиле! 14-февраль сүйүү майрамы дейт.... Кудай сактасын ушундай майрамдан, уул, кыздарыбызды бул күнгө арналган кечелерге, майрамдарга жөнөтпөш керек. Бул күнү кыздарыбыздын эле бактысы эмес, уул балдарыбыздын да бактысы байланып калышы мүмкүн.

 

Анткени адепсиз кызга туш келип калып бойуна бүтүп калса, ошол кызга үйлөнүп өмүр бойу бактысыз болуп өтөт. Ошондуктан уул кыздарыбызга бирдей зыян келтирген шайтандын майрамына тыйуу салышыбыз керек. Ушул күндү майрам деп жар салган көрсөтүүлөрдү көрсөтпөй, кадимки күндөгүдөй көрсөтүшсүн. Мен нааразы болом намаз окуган депутаттарга, эмнеге ушуга окшогон терс көрүнүштөрдү козгошпойт. Биз ишенип добуш берген, намаз окуган депутаттар эмнеге унчукпай отурушат? Алардын төрдөн орун алып, алдыңкы катарда намаз окугандары менен мусулмандардын кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарга келгенде эмнеге унчугушпайт? Депутат Карамушкина жума намазга кеткендерге каршы сүйлөсө, бирөө “лам” деп койгон жок...

 

Биз эмнеге добуш беребиз, биздин укугубузду коргосун, бизге зыян келбеген мыйзамдарды колдобосун, айтышсын деп добуш беребиз. Болуптур кээ бир мыйзамдарга же Карамушкинига окшогондорго унчукпасаңар, сүйүү майрамы жок деп айтып тыйуу салбайсыңарбы? Албетте намаз окуганыңар үчүн добуш беребиз, силер да биздин акыбызды ойлогула. Силердин намаз окуганыңар өзүңөр үчүн, намаз окуганыңарды милдет кылбагыла, намаз окуганыңар үчүн добуш бербейбиз, бизге жардам беришсин дейбиз. Айткыла, бизге мындай майрамдын кереги жок, эч бир жерде майрамдалбасын деп мыйзам менен тыйуу салып бергиле. Балким башка мыйзамдарга добушуңар, үнүңөр жетпесе да, сүйүү күнү же бузукулукка жол берген майрамды тыйганга аракет кылуу баарыбыздын милдетибиз, парзыбыз.”