Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун “Азия Ньюс” гезитинин баш редактору Аслан Сартбаевди кулак түпкүргө бастыра урганы коомчулукта талкууга алынып бүтөлекте дагы бир үрөй учурган кабарды уктук. 10-февралда, кечки саат 21.30 чамасында “Де-Факто” гезитинин башкы редактору Амантур Мусагуловду белгисиз эки бала сабап, башка таяк уруп, башын жарып кеткени айтылды.

 

“Илгери Кыргызстанда журналисттерди сабап кетүү, атүгүл өлтүрүп таштоо катардагы көрүнүш болчу. Биздин шефтин тушунда, тфу-тфу, андай фактылар жок”,- деп интервью бергенди жактырышат эмеспи эрке талтаңдар. Бирок, акыркы окуялар ал тастыктаманы түп-орду менен жок кылды. Ошондон улам, “Жунгли закону” кайтып келаткандай таасир калууда. Булар журналисттердин эки тарапка бөлүнүп алып каршылашканынан да пайдаланышууда. Ошондуктан, бийликтик-оппозициялык, түндүктүк-түштүктүк дегенди коюп, бир муштум болуп бирикпесек, Амантурга келгендер четибизден башыбызды жарып, жоопкерчиликсиз кете беришет.

Ал эми Амантур кесиптешибизге батыраак сакайып кетишин каалайбыз.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити