Чоң-Алай өрөөнүндө февраль айынын башынан бери көз ачырбай жаап жаткан кардын калыңдыгы ушул тапта бир жарым-эки метрден ашты. А түгүл айрым айылдарда соңку күндөрдө бири-бири менен карым-катыш таптакыр эле тыйылып, кээ бир кыштактардын тыш дүйнө менен байланышы биротоло үзгүлтүккө учарады.

 

- Мынчалык калың кар жааганын өмүрүмдө дегеле көргөн эмесмин. Чыныбызды айтсак, тоңуп эле калдык. Мешке такай от жакпасак, Чоң-Алайда өлүп калыш дегеле кеп эмес! - деп ыйлактады Сейит Адиев. – Мындайда районубуздун аттуу-баштуу чоңдору ал-акыбалыбызды сурамак түгүл, айылдар аралык ички жолдорду утуру тазалатканга буйрук дагы берише элек экен. Жылуу кеңседе булар эмнени ойлоп олтурушат, түшүнбөйсүң, эй?

 

- Жергиликтүү маанидеги жолдор дагыле айыл өкмөттөрүнүн карамагында турат. А алар ар дайым акча тартыштыгын, же таптакыр каражат жоктугун гана шылтоолошуп, айылдар аралык ички жолдорду акыркы күндөрдө эч бир тазалабай келатышат, - деп чырылдады Роза Жамалидин кызы. – А Чоң-Алай районунун мамлекеттик бийлиги бизди эчак эле унуткан. Алар эли-журтун жалаң гана шайлоолордо гана кичине эстеп коюшат. А моминтип башыбызга мүшкүл түшүп турганда, атайын басып барып эли-журтунан кабар алып, ал-акылабызды бир ооз сураганды таптакыр унутушкан. Болбосо, бул аткаминерлердин Кыргызстандагы эң кичинекей райондун кыштактарын күн сайын кыдырганга мүмкүнчүлүктөрү, албтте, толтура. Бул анчалык деле чоң түйшүктү жана ашкере чыгымды дагы талап кылбайт.

 

- Чоң-Алайда орто жолдо суукка тоңгон мектеп окуучуларынын жана кары-картаңдардын гана шору шорподой кайнап жатат, - деп коңгуроо какты “Чоң-Алай” коомдук бирикмесинин төрагасы Улукбек Карыбек уулу. – Чоң-Алай районунун айыл өкмөттөрү дээрлик мамлекеттик гана дотацияда олтурушат. Кыргыз Өкмөтү ушул жагын бекем эске тутуп, райондогу жападан жалгыз №16-жол тейлөө ишканасын күн мурунтан ишке салышы керек эле. Аким жана анын орун басарлары кеңсесинде жылуу-жумшак гана олтурушпастан, ызгаарда үшүгөн калкты тынбай алмак-салмак кыдырып, алардын түмөн түйшүгүн кошо тартышса, ошондо гана накта соопко калышмак…

 

Деген менен Чоң-Алай районундагы №16-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Расул Канкелдиев айылдар арасындагы ички жолдорду тазлоого техника чындап эле тартыштыгын апачык моюндады.

 

- Сары-Булак, Кулчу, Кабык, Жайылма, Кара-Кабак, Кара-Тейит айылдарындагы акыбал башка аймактарга салыштырганда кыйла эле дурус, – деп агынан жарылды Чоң-Алай районундагы №16-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Расул Канкелдиев. – Бирок, Шибе жана Чулук кыштактарында көйгөй чындап эле жетиштүү. Кар дагыле тынбай көз ачырбай жаагандыктан, жалгыз грейдер жана жүктөгүч баарына тегиз үлгүрбөй жатат. Ошентсе да, жол жана унаа министри Жамшитбек Калилов шартыбызды абдан жакшы билгендиктен, Чоң-Алайга кошумча техника жөнөтүү жагы ушул тапта чечилүү алдында турат.

 

Ошентип, кыштын каары ушул күндөрдө Чоң-Алай районунун айыл-кыштактарында өз өкүмүн абдан катуу сүрүп жаткан чагы. Бул катаал ызгаар дагы канчага созулат, албетте., көзү ачыктык кылып айтуу кыйын…

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити, 15.02.2017-ж