1990-2010-жылдардагы кандуу окуялардан сабак алуубуз кежет! Ар кошкон улуттарды ого бетер жуурулуштуруп, аларды абдан аралаштарып жашатуу – бүгүнкү мезгилдин кечиктирилгис талабы. Бул аркылуу этностордун ынтымакчылыгы ыраса ширелип, толук кандуу,  анан абдан акыл-эстүү жана өтө зирек наристелер төрөлүшөт. Ошондой эле улуттар арасындагы достуктун азыркыдан беш бетер бекемделишине мыкты ыңгай дагы жаралат. Өзгөн районунун акими Аттокур ТАЖИБАЕВ кабарчыбызга курган маегинде дал ушундай турумду ачык карманды.

           

- Аттокур мырза, Өзгөн районунун улуттук курамы ар кыл. Буга жараша этностор аралык маселе дагы, биздин баамыбызда, аймакта дагыле курч бойдон турат өңдөнөт?

 

- Абдан туура баамдапсыңар. Ушул тапта Өзгөн районунун 267 миң киши байырлайт. Булардын 87 пайызы - кыргыздар, 9 пайызы - өзбектер, калган 4 пайызы ар улуттардын өкүлдөрү. Бирок, акыркы мезгилде маселе, сиздер кабатырлангандай, анчалык деле курч эмес. Анткени менен айрым олуттуу жагдайлар дагыле ушул тапта өзгөчө кооптонууга негиз жаратып жаткандай.

 

Биринчиден, аймакта жумушсуздук дагыле абдан кендирди кесип жаткан чагы. Анткени, районубуздун аймагында тээ Совет доорундагыдай чоң-чоң ишканалар калган жок.

 

Экинчиден, районубузда ар улуттун өкүлдөрү өз-өзүнчө, мындайча айтканда, бири экинчисинен бөлүнүп. окчун айылдарда гана жашап жатышат. Маселен, мобул Өзгөн шаарын көбүнчө өзбек туугандар гана байырлашат. Ал эми районубуздун Өзгөрүш, Чымбай, Дөң-Булак, Бостон, Кайрат айылдарында негизинен бир өйчөң түрктөр гана жансакташат.

 

- Демек, ушул тапта кооптонууга чындап жүйөө бар турбайбы?

 

- Ооба. Коомчулуктун улам-улам коңгуроо кагуусунда чындап эле жүйөө бар. Анткени, танып не. Аймакта диний тармак ашкере эле саясатташып кетти. Байкагандырсыздар, башка динге оогондор бара-бара көбөйүп баратат. Мындан тышкары Сириядагы согушка бат азгырылып, ага такай катышкандардан дагыле кур эмеспиз.

 

Мени ушул тапта абдан эле түйшөлткөнү: өзбек туугандар бири-бирине эле кыздарын узатып, уулдарын байма-бай үйлөп жатышат. Ушундай эле кейиштүү көрүнүш түрк туугандар арасында дагы толтура. Демек, соңку тапта улуттардын өз ара бекем жуурулушуп аралашуусуна жана бара-бара интернационалдашуусуна катуу бөгөт коюлгансыды. Анткени, дал ушундай көрүнүштөрдүн кесепетинен акыркы маалда жалаң чабал, акылы кем балдар гана төрөлүп жаткандыгы мени, чындыгында, абдан өкүндүрөт. Аталган эки улут тең жашы 18ге толо элек кыздарын турмушка даяр эмес тейде күйөөгө узатып жатышат. Мунун соңку кесепетин ойлогон пенде жок., эй!

 

- Ушинтип улуттардын генефонду дагы ушул тапта накта коркунуч ка кептелгендей?

 

- Ананчы! Менимче, бара-бара районубуздагы улуттарды өз ара аралаштарып жашатып, бирин экинчисине жипсиз байлап, бул аркылуу генефондду дагы заманбап өнүктүрүүгө жана байытууга шарт жаралат деген үмүтүбүз абдан чоң.  Дал ушунун өзү, биринчиден, улуттар аралык чыр-чатактардын кайрадан тутанышына акыры чындап бөгөт коет. Экинчиден, «Курама темир курч болот» дегендей, ар улуттардын өз ара туугандашуусуна жана ал аркылуу генефондубуздун, мындайча айтканда, тукумубуздун асылданышына дагы даңгыр жол ачат. Үчүнчүдөн, ар кимибизди кур намыстан арылтып, этностордун аймакта тегиз жана чогуу-чараан, ошондой эле бекем  ынтымыкчылыкта гана  эмгектенүүсүнө өбөлгө жаралат.

 

- Аттокур мырза, мына кыйла  жылдардан бери Өзгөн районун  башкарып келатасыз. Тизгинди бирөөлөргө бербестен, ага улай камчы салдырбастан иштеп келатышыңыздын негизги сыры эмнеде, ыя?

 

- Мактангандык эмес, бирок, айтып коюуга тийишмин, мен дээрлик карапайым калк менен тыгыз иштешкенди гана сүйгөн пендемин! Булардын азап-тозогун кошо тартып, “Калктын көйгөйүн чоңдорго айтып жаман көрүнбөй эле оокатымды кылайынчы!”- дегендерден эмесмин! Ар дайым ыйлагандардын жашын аарчып сооротконго, сүйүнгөндөрдүн кубанычын дагы тең бөлүшкөнгө даярмын жана ушуга биротоло көнгөмүн!

 

Кыргызстан – чакан мамлекет. Ал эми азыркы өлкөбүздөгү чоң жана туташ кризис – бул убактылуу гана кыйынчылык! Мындайча айтканда, тагдырдын сыноосу. Баарыбыз түп көтөрүлө тегиз иштесек, өлкөбүздү жакынкы жалдарда экономикалык жактан өйдөлөтүүгө жана дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекетке айлануусуна жардамдашууга кудуретибиз жетээрине мен бөркүмдөй ишенем!

 

Аңгемелешкен Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан.kg” гезити, 15.02.2017-ж