Жалал-Абад шаарынын аймагындагы мечиттердин жалпы абалын, алардын жарандар үчүн коопсуздугун, санитардык жана башка ыңгайлуулуктарын текшерүү максатында атайын комиссия курамы тарабынан рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрайымы Гулина Базаркулова билдирди.

 

Анын айтымында, шаар мэриясынын 2017-жылга карата бекитилген иш-планына ылайык шаарда жайгашкан бардык мечиттердин абалын текшерүү жагы каралган. Мында негизинен мечиттердеги ыңгайлуулуктар, алардын материалдык-техникалык камсыз болушу, жарандар коопсуздугу көздө тутулат.

 

- Бул рейдге Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын областтагы өкүлчүлүгүнөн, областтык казыяттан, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан жана Жалал-Абад региондор аралык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан тийиштүү адистери катышты. Мечиттердин абалы менен таанышып, катышкан адистердин берген корутундулары аркылуу кемчиликтерди жоюу боюнча эскертмелер берилди, - дейт ал.

 

Областтык казыяттын иш башкармалыгынын башчысы Карим Төлөнбаевдин айтымында, шаар боюнча жалпысынан 31 мечит болсо, алардын 27си мыйзамдуу каттоодон өткөн. Калган мечиттер жакынкы күндөрдө каттоодон өтүү алдында турушат.

 

- Бүгүнкү күндө шаардагы мечиттерде түзүлгөн шарттарды жакшы деп айтсак болот, бирок арасында талапка жооп бербегендери да бар. Жергиликтүү бийлик атайын адистердин катышуусунда жарандардын коопсуздугуна көңүл буруп, мечиттердин абалынын жакшырышына кызыкканы биз үчүн жагымдуу, - дейт ал.