Жолугушууда министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун Сокулук районунун Дача СУ тилкесинде учактын кыйроосунун кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү, ошондой эле жабыр тарткандарга жардам берүү жана алардын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу президентке баяндап берди.

 

Мамлекет башчысы ошондой эле республикада мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардан калкты сактоо жана тобокелчиликтерди минималдаштырууну камсыз кылуу үчүн алдын алуучу жана превентивдүү чараларды көрүү боюнча аткарылып жаткан иштердин комплекси жөнүндө да кеңири маалымат алды.

 

Президент Алмазбек Атамбаев жаратылыш кырсыктарын кылдат мониторингдөө жана прогноздоо зарыл экенин белгиледи. Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, биринчи кезекте калкты жана инфраструктуралык объектилерди мүмкүн болгон тобокелчиликтерден коргоо чараларын өркүндөтүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү өзгөчө маанилүү.