Өз ара сүйлөшүү убагында Ярослав облусунун өкүлдөрү Кыргыз окуучуларына 1800 даана окуу куралдарын тапшырышты. К.Г.Шевкоплястын маалыматына караганда, окуу куралдарын топтоо 2016-жылдын октябрында “Орусиянын окуучулары - кыргыз балдарына” аттуу акциясынын алкагында жүргүзүлдү.

 

Буга дейре Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өтүнүчүнө ылайык Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак айылынын окуучуларына 2016-жылдын октябырында гуманитардык көмөк иретинде “Линка-Пресс” басмаканасы окуу куралдарынын 55 кутуча биринчи түрмөгүн жөнөткөн эле.

 

Ошондуктан, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев Ростов шаарчасынын башчысы К.Г.Шевкопляске жана анын командасына бул көмөгү  үчүн чын жүрөктөн терең ыраазычылыгын билдирди.