Буга ылайык ысык-көлдүк мугалимдерге күрөөсү жок эле маяна үчүн жылдык үстөгү он пайыз менен маяна үчүн кредит бериле баштайт.

 

Ысык-Көл микрокредит агенттигинин директору Каныбек Калмакиевдин айтымында, бул өнөктүктү жүзөгө ашыруу үчүн 7 миллион сом каралган: “Биздин уюм Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаевдин аймакты өнүктүрүү демилгесин дароо колдоду. Ошону үчүн  орто мектептердин мугалимдерине күрөөсү жок эле 10 миң сомдон 50 миң сомго дейре кредит берүүнү ылайык таптык. Муну үчүн азырынча 7 миллион сом карадык”.