Жалал-Абад шаарындагы мектептерде окуган окуучулардын көрчүлүгү кымбат балуу кол телефондорун көтөрүп жүрүшөт. Ал эми интернетке уланган ал телефондордун терс таасиринен окуучуларды сактап калуу жагы ата-энелерге жүктөлүүдө.  Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Достук” аймактык башкаруусунун жетекчиси Маданбек Адыкулов билдирди.

 

Анын айтымында, шаар бийликтери мектеп окуучуларынын интернеттеги опурталдуу оюндардын кесепеттеринен сактап калуу үчүн комплекстүү чараларды көрүп жатышат. Бул маселеде эң башкы ролду ата-энелер да ойношу абзел.

 

- Шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева баштаган  прокуратура, билим берүү органдары, аялдар кеңеши, социалдык коргоо, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн адистеринен түзүлгөн топ бардык мектептерде окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүп, кеңири түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Бизди ойго салган нерсе окуучулардын колундагы интернетке жалганган кымбат балуу кол телефондору болуп жатат.  Бир эле мектепте окуучулар арасынан 350 даана сенсордук кымбат баалуу телефондор чыккан. Ал телефондордун эң кымбаты 30 миң сомду экен. Ата-энелер балдарын жакшы көрүп, алардын кооптуу жагдайга кептелишине себеп болуп калышууда. Эми ата-энелер жөнөкөй, арзан кол телефондорун сатып берүү сунушталып, көзөмөл жүргүзүү жагы көбүнчө ата-энелерге жүктөлүп жатат. Анткени, балдардын көп убактысы үйлөрүндө өтөт,- дейт ал.

 

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир айлык жарыя