Бул тууралуу областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Хадича Пратова билдирди.

 

Анын айтымына караганда, быйылкы жылы жаңы төрөлгөн ымыркайлар саны былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге азыраак.

 

- Быйылкы жылдын биринчи айында төрөлгөн ымыркайлар саны өткөн жылдын ушул мезгилиндегиден аз. А бирок энелердин, ошондой эле төрөлгөн наристелердин ден-соолугу жагынан алганда баары жайында. Аларга өз убагында жардамдар көрсөтүлүп, камкордуктар көрүлдү. Төрөткө чейин да энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенбиз, - дейт ал.

 

Эскерте кетсек, 2016-жылы шаар аймагында энелер өлүмү катталган эмес.